БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Чогулткан акчаны накталай сактоонун пайдасы менен кемчиликтерин Улуттук банктан айтып беришти.
Адистер муну жакшы ыкма деп эсептешерин билдиришти.
"Жакшы жагы катары акча дайыма чөнтөктө болгондуктан шашылыш керек болуп калганда зарылбай ала коёсуз", — деп айтышты Sputnik Кыргызстанга аталган банктан.
Ал эми кемчилик жактары төмөнкүдөй экен:
- Ар кыл жаратылыш кырсыктары, маселен суу каптап, өрт чыгып же дагы башкалары болсо акчадан айрылып калуу тобокелдиги бар;
- инфляция болсо акчанын баасынын түшүшүнө алып келет;
- нак кармап турган акчадан эч кандай киреше табууга мүмкүн эмес;
- накталай төлөгөндө накталай эмес төлөм сыяктуу сатуудан түшкөн салыктын нөлдүк коюму колдонулбайт, мында 2 пайыздык кошумча жеңилдик жок болуп калат;
- колдо турган акча байкалбай эле четинен жок боло берет, тагыраагы, керектүү же керексизин тереңирээк ойлобой ар кайсы буюмдарды сатып алган учурлар көп кездешет.