Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Бишкектеги № 12 жана № 33 мектептеринде «Каражат топтоолор» финансылык сабаттулук боюнча оюну болуп өттү. Иш-чарада 115 жогору каласстагы окуучулары катышкан. Оюнун жүрүшүндө окуучулар жөнөкөй финансылык терминдерди түшүнүүгө үйрөнүштү, анын ичинде киреше менен чыгаша, каражат топтоо, кредит жана инфляция. Жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү боюнча көндүмдөрдү эске алышты, азыркы жана келечектеги муктаждыктарын жана өз келечек үчүн каражат топтоолордун керектигин аныктоо көндүмдөрүн жогорулатышты.
← Жаңылыктардын тизмесине