Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Ипотеканын негизги эрежелери

Кредиттер жана карыздар 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Ипотеканын негизги эрежелери

Батирди ижарага алып жашоо кыйла каражат талап кылат, ал эми өзүнчө үй сатып алууга кудурет жетпейт, эмне кылуу керек? Мындай учурда ипотека шартында кредит алуу орун алган жагдайдан чыгууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Эң башкысы жакшылап ойлонуп, так эсептеп чыгуу зарыл.

Ипотекалык кредит – бул, банк тарабынан кыймылсыз мүлк күрөөсү алдында сунушталуучу, узак мөөнөткөк аралган максатуу кредиттик продукт болуп саналат. Ипотеканы тариздетүү –  олуттуу чечим. Башка кредиттик продукттарга караганда ипотека кредити олуттуу суммада, узак убакытка (5 жылдан 12 жылга чейин) жана алда канча аз пайыздык чен алдында берилет.

Ипотекалык кредит келишимин тариздетүүдө сатып алып жаткан турак жайдын өзү

күрөө катары банкка сунушталат. Келишим боюнча банк кредитор, ал эми үй сатып алып жаткан жаран карызгер болуп саналат. Мында кредитор бир эле учурда күрөө кармоочу катары да иш алып барат. Ипотекалык кредитти белгиленген мөөнөттө банкка кайтаруу, ошондой эле банктын каражатын пайдалангандыгы үчүн ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөп берүү карызгердин милдети.

Ипотека кредитин сунуштоо процесси кардарлардан талап кылган ири көлөмдөгү документтерди, б.а. күрөөлүк документтерди, карыз алуучунун ким экендигин тастыктаган документти, анын кирешелерин, башка каражат булактарын тастыктаган документтердин тариздетилишин болжолдойт. Тиешелүү документтерди чогултуу, аларды кылдат кароодон өткөрүү, андан соң гана чечим кабыл алуунун өзү да кыйла убакытты талап кылат.

Банктар албетте, сатып алып жаткан батирдин же турак үйдүн толук суммасын бере албайт. Алгач алар баштапкы төлөмдүн төлөнүшүн талап кылат. Баштапкы төлөм –бул, кардар өз эсебинен төлөөгө тийиш болгон, б.а. сатып алып жаткан турак үйдүн наркынын кеминде 30 пайызын түзгөн сумма. Баштапкы төлөм өлчөмүн ар бир банк өз алдынча чечүүгө тийиш.

Банк сатып алып жактан турак жайдын наркына жана кардардын кирешесине жараша тиешелүү сумманы берет. Ипотека кредитин алуу чечимин кабыл алуудан мурда карыз алуучу өзүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалап, келип түшүүчү кирешесин жана болжолдонуп жактан чыгашаларды так эсептеп пландаштыруусу зарыл. Ошентип, ипотека боюнча ар айлык төлөөлөр үй-бүлөнүн киреше калдыгынын 50 пайызынан ашпагандай эсептелинүүгө тийиш.

Банктар ар айлык кирешени аныктоо үчүн карыз алуучунун иштеген жеринен маалымат катты, Социалдык фонд органдарынын көчүрмөлөрдү, ошондой эле зарылчылыкка жараша негизги ишине байланыштуу болбогон башка киреше булактары боюнча да маалым каттарды талап кылышы ыктымал. Карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесин эсептөөдө банк анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык кирешесин чогуу эсептеп суммалайт. Эгерде ишкердиктен да киреше алган болсо, ипотекалык кредит ордун жабуу үчүн финансылык жактан туруктуулугун тастыктаган документтерди (кызмат көрсөтүүлөр, товар сунуштоо, иш бүткөрүү боюнча келишимдерди)  кароого сунуштоого милдеттүү.

Айрыкча келишимдердин карыз алуучунун милдеттерин, милдетенмелерин, жоопкерчилигин айкын чагылдырган шарттарын кылдат иликтөөгө алып, таанышып чыгуу менен кредиттик келишимде маани-маңызы түшүнүксүз, адашууга, бурмалоого алып келген шарттар камтылбагандыгына толук ынануу зарыл.

Эң башкы шарт – банкка өзүнө тиешелүү, тапкан кирешелери боюнча толук жана так маалыматтарды берүү. Келишимдин айкын  шарттарын жана аларды аткарбай коюудан улам келип чыгышы ыктымал болгон кесепеттүү жагдайлдарды чечмелеп түшүнүү – ипотека кредитин тариздетип жаткан карыз алуучунун милдети, ал эми келишимде колдонулган терминдердин, ири көлөмдөгү маалыматтардын маани-маңызын чечмелеп түшүндүрүп берүү – банктын милдети!

Тажрыйба көрсөтүп тургандай эле, ипотека келишимин түзүүдө орун алышы ыктымал болгон эң башкы тобокелдик – бул, валюта тобокелдигинин өзгөрүп турушу – б.а. кредиттөө мөөнөтү канчалык узак болсо, валюта тобокелдиги ошончолук жогору. Мына ошондуктан да Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык кредиттерди берүүгө тыюу салынган.

Учурда Кыргызстанда өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай”  программасы ийгиликтүү өздөштүрүлүп жатат. Анын алкагында Мамлекеттик ипотека компаниясы төмөндөтүлгөн пайыздык чен алдында ипотека кредитин сунуштап келет. Ошентип,  курулуп бүткөн даяр үйдү сыяктуу эле, жаңыдан курулуп жаткандарды да ушул кредит боюнча сатып алуу системасы жөнгө салынган. Бул боюнча ырааттуу толук маалыматты www.gik.kg сайтынан алууга болот.

Играть
Пауза
Ипотекалык кредиттер (Улуттук банк билдирет, 26.06.2018)
Ипотекалык кредиттик мөөнөтү жана үстөк пайызы
Ипотекалык кредиттик мөөнөтү жана үстөк пайызы
Узактыгы: 03:33
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)