Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы, элчинин жолугушусу

2022 Кулжа айынын 10 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы, элчинин жолугушусу

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы, элчи А. Рогов мырзанын жолугушусу болуп өттү. Жолугушууда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча эки тараптуу кызматташуу  маселелери талкууланды.

Улуттук банктын төрагасы 2022-2026-жылдарга Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясынын негизги компоненттеринин бири болуп саналган  калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесинин актуалдуулугун баса белгиледи.

Өз кезегинде, А. Рогов төмөнкүлөрдү билдирди: «Өлкө калкынын, айрыкча, алыскы региондо жашаган калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну мындан ары да улантуу зарыл. 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруу жаатында Улуттук банктын аткарган олуттуу иштерин белгилеп кетүү маанилүү.».

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Маалымат үчүн:

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму  – бул коопсуздук маселелери менен алектенген Түндүк Америка, Европа жана Азиядан  57 мамлекетти бириктирген дүйнөдөгү эң ири регионалдык уюм. Аталган уюм бир миллиарддан ашык калк жашаган мейкиндикте туруктуулук, тынчтык жана демократия орнотуу максатында иш алып барып, саясий диалог түзөт, тынчтыкты жана туруктуулукту курууга жана бекемдөөгө багытталган практикалык иштерди жүргүзөт.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк