Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн майрамдоонун алкагында, 2022-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарынын № 12 мектебинин жогорку класстагы окуучулары үчүн «Каражат топтоолор» стол үстүндөгү бизнес оюну өткөрүлдү, ошондой эле Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун базасында Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан Баткен, Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын эресеге жеткен калктын катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы № 58 мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча сабак өткөрүлгөн.
← Жаңылыктардын тизмесине