29-декабрда Улуттук банкта жаңы жыл алдында финансылык сабаттуулук боюнча иш-чара өттү. Иш-чаранын катышуучулары Улуттук банктын Нумизматикалык музейине барышып, анда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхы, ошондой эле Улуттук банктын максаттары, милдеттери жана функциялары менен таанышышты. Мындан тышкары, “Финансылык сабаттуу адамдын беш белгиси” деген темада финансылык сабаттуулук боюнча чакан лекция окулду. Иш-чаранын аягында катышуучуларга таттуу белек жана майдаланган эски банкноттор толтурулган жаңы жылдык жасалгалар тапшырылды.
Экскурсияга катышуу боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 66 90 08 же e-mail: mail@nbkr.kg
← Жаңылыктардын тизмесине