2024-жылдын 3-октябрында Улуттук банктын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, финансы-кредит мекемелеринин жана ЖМК өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анын жүрүшүндө, 31-октябрда бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгиленген «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» аталышындагы масштабдуу кампаниянын алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү талкууланды. Бардык иш-чаралар аймактарда бекер өткөрүлөт, иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алышат.
Толук маалымат сайтка жайгаштырылат.
Маалымат үчүн:
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 100 жыл убакыттан бери белгиленип келет. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн максаты – акча топтоо маданиятына үгүттөө жана аны жайылтуу болуп саналат.
← Жаңылыктардын тизмесине