2024-жылдын 9-октябрында Баткен Мамлекеттик Университетинин көп тармактуу колледжинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
Окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү тренингдин максаты болуп саналат.
Тренингдер Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.