2024-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин «Ардагер» геронтологиялык борбору үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча презентация өткөрүлдү. Иш-чарага активдүү карылар жана пенсионерлер катышты. Презентациянын жүрүшүндө катышуучуларга финансылык пландаштыруу, каражат топтоонун коопсуз ыкмалары, электрондук санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу жана финансылык коопсуздук чаралары жөнүндө маалымат жана консультациялар берилди.
← Жаңылыктардын тизмесине