Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасында финансылык технологияларды өнүктүрүү маселеси Бишкек шаарында талкууланды

2021 Тогуздун айынын 26 жарыяланды
Кыргыз Республикасында финансылык технологияларды өнүктүрүү маселеси Бишкек шаарында талкууланды

2021-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарында Улуттук банк тарабынан Эл аралык финансылык корпорациясы (IFC) менен биргеликте уюштурган «Кыргыз Республикасында финансы секторун санарип трансформациялоо: келечеги, көйгөйлөр, чечимдер» темасында тегерек стол маеги болуп өттү.

Тегерек стол маегине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Эл аралык финансылык корпорациясынын (IFC), эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктардын, “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин, коммерциялык банктардын, Төлөм системаларынын операторлору ассоциациясынын, Уюлдук операторлор ассоциациясынын, Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү ж.б. катышты.

Тегерек стол маегинин катышуучулары менен саламдашып жатып Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев бардык кызыкдар болгон тараптар өз ара иш алып барууда, анын ичинде мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулук ортосунда маалымат алмашуу жагында тыгыз иш алып барууда гана санарип технологияларды колдонууга киргизүүгө жана аларды натыйжалуу колдонууга боло тургандыгын белгиледи.

Жөнгө салуу органынын башчысы финансылык технологияларды өнүктүрүү жагында Улуттук банктын жүргүзүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берип, борбордук банк мындан ары да санарип банктык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын эске алуу менен банк системасын өнүктүрүү саясатын жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

«Финансы сектору жаңы технологияларды колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди кылдат иликтөө менен калктын, бизнес керектөөлөрдүн, учурдун талабына ылайык финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн  арттыруу аркылуу инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана колдонууга киргизүү ишин мындан ары да улантат деп ишенем.», - деп кошумчалады К. Боконтаев.

Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын финансы секторун санарип трансформациялоонун, маркетплейстердин жана башка санарип продукттардын  учурдагы абалы, аларды өнүктүрүү тенденциялары, ошондой эле жөнгө салуу аянтчасын колдонууга киргизүү жана Open-banking концепциясын жүзөгө ашыруу жагында эл аралык тажрыйбалар талкууланды.

Тегерек столдун материалдары:

Материалы круглого стола:

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.