Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу менен санариптик сабаттуулукту жогорулатуу тыгыз байланыш. Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу бул учурдун талабы, ал кызматтарды онлайн режиминде колдонуп, убакыт менен чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жаатында кызматташуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү" коомдук бирикмесинин ортосунда санариптик, финансылык сабаттуулукту жана жаштардын көндүмдөрүн жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.
"Санарип инсан" - аймактарда жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандагы уникалдуу долбоор.
Сиз төмөнкү бөлүмдөн пайдалуу маалымат таба аласыз: