Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы

2021 Аяк оона айынын 20 жарыяланды
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы

Финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу – бул жалпы мамлекеттин тапшырмасы, ал бир гана катышуучунун жардамы менен чечилип кете турган маселе эмес. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы 319-токтомуна ылайык, 2016-2020-жылдарга карата финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун программасы бекитилген. Ал 2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөө жана аналитикалык иштердин негизинде иштелип чыккан. Анын негизинде  биздин калктын финансылык сабаты төмөнкү деңгээде экендиги аныкталып, биринчи кезекте кайсыл тармакка көбүрөөк көңүл буруу керектиги аныкталган.

Программанын башкы максаты – жарандардын финансылык жүрүм-турумун жана финансылык сабаттулук деңгээлин жологорулатуу болуп эсептелет.  Программаны ишке ашыруунун негизинде, финансылык сабаттуу жаш муунду тарбиялап чыгаруу, жеке финансыны колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, финансылык инструменттерди колдонуунун сапатын жакшыртуу (банк системасындагы депозиттик базаны жакшыртуу, кредиттик портфелдин сапатын арттыруу, фондулук рыноктогу инструменттерди атуулдардын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу, камсыздандыруу инструменттерин колдонуу). Программа 2020-жылга чейин созулуп, 3 этап менен ишке ашырылышы каралган. Ар бир этап үчүн өзүнчө ишчаралардын планы түзүлөт. Ишчаралардын планынын биринчи этабы (2016-2017-жылдар) КР Өкмөтүнүн жогорудагы токтому менен аныкталган. Программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Планы (2018-2019 жылдар) КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №143 токтому менен аныкталган. Бул программа 3 иш багыттан турат. Биринчиси, балдарга жана жаштарга финансылык билим берүүгө багытталат.  Экинчиси – калктын улуу курактагы тобунун финансылык сабатын жогорулатууга болсо, үчүчнчүсү финансылык маалымат жана финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздандырууга багытталат. Программанын жүзөгө ашыруучу координатору - Кыргыз Республикасынын Улутук банкы.

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын word форматында ачуу

Программанын биринчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын word форматында ачуу

Программанын экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын word форматында ачуу

Программанын үчүнчү баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын word форматында ачуу

Финансылылк сабаттуулук
Финансылылк сабаттуулук
Узактыгы: 09:53
← Долбоорлордун тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү