Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2022-жылдын 20-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы-2022 иш-чарасынын алкагында, А.С. Пушкин атындагы гимназия-мектептин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча сабак өтүп, Улуттук банктын нумизматикалык музейине атайын экскурсия уюштурду. Бул иш-чарада окуучулар финансылык максат, үй-бүлөлүк бюджет, киреше булактары, каражат топтоо сыяктуу түшүнүктөр менен интерактивдүү түрдө таанышып чыгышты. Андан кийин окуучулар банкноттор менен монеталардын жасалып чыккан учурдан тартып аларды жок кылууга чейинки циклди камтыган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхы, Улуу Жибек жолу мезгилинен бери азыркы Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар, ошондой эле 1995-жылдан тартып Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар сакталган нумизматикалык музейде болушту.
← Жаңылыктардын тизмесине