2022-жылдын 20-сентябрында Улуттук банктын өкүлдөрү менен финансы-кредит мекемелеринин, German Sparkassenstiftung жана IFC Эл аралык уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анын жүрүшүндө, 31-октябрда бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгиленген «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» аталышындагы масштабдуу кампаниянын алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү талкууланды. Бардык иш-чаралар аймактарда бекер өткөрүлөт, иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алышат.
Толук маалымат сайтка жайгаштырылат.
Маалымат үчүн:
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 90 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн максаты – акча топтоо маданиятына үгүттөө жана аны жайылтуу болуп саналат
← Жаңылыктардын тизмесине