Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансылык сабаттуулук боюнча семинар

2022 Жетинин айынын 02 жарыяланды
Финансылык сабаттуулук боюнча семинар

2022-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча 31-октябрда өтө турган Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган окутуу иш-чарасын өткөрдү.

Каражат топтоо маданиятын өркүндөтүү аркылуу балдардын, жаштардын жана эресеге жеткен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу – Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн максаты болуп саналат. Анткени, каражат топтоо - өз келечегин пландаштырууга: балдарга билим берүүгө, турак жай сатып алууга жана башка финансылык максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Иш-чарага республиканын жогорку окуу жайларынын 60ка жакын студенттери катышып, ал эми региондордон 70 жарандык жана санариптик билим берүү борборлору онлайн режиминде катышты. Ошондой эле, Улуттук банктын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү спикер катары катышышты.

Иш-чаранын алкагында Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жыйым топтоо жана финансылык коопсуздук деңгээли, ошондой эле ресурстарды чагылдыруу менен финансылык сабаттуулук темасында лекция өткөрдү.

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү Элкарт Мобайл мобилдик тиркемеси, төлөм инструменттери, QR-код жана Элкарт PAY аркылуу төлөө, ошондой эле  алдамчылык операцияларына жол бербөө жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, катышуучулар КББ платформасында чакан жана орто бизнес үчүн финансылык сабаттуулук боюнча онлайн курста окуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Иш-чаранын аягында викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөргө эстелик белектер тапшырылды.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Кредитти кантип алууга болот?

Кредитти кантип алууга болот?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?