Нумизматикалык музейдин эшиктери өз элинин тарыхына, акча тарыхына жана заманбап банкнотторго жана монеталарга кайдыгер карабагандар үчүн ачык.
Музей өз ишин кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү боюнча тарыхый материал катары байыркы унутулгус буюмдарды топтоо жана сактоо гана эмес, алардын илимий жана маданий маанилүүлүгүн жайылтуу принциптеринин негизинде алып барат. Анткени, мамлекеттин борбордук банкы катары Улуттук банк өлкөдө акча жүгүртүү тарыхы боюнча калкка маалымат берүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
Кирүү акысыз.
Экскурсияны өткөрүү боюнча суроолор боюнча 66 90 08 телефондоруна же электрондук почтага кайрылсаңыздар болот: mail@nbkr.kg.
← Жаңылыктардын тизмесине