2022-жылдын 9-декабрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022» финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ар жылдык кеңири масштабдуу иш-чаранын жыйынтыктарын чыгарууга арналган жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага 30га жакын өнөктөш уюмдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредиттик уюмдары катышты.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2022-жыл ичинде өлкө аймагында 200гө жакын ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, түздөн-түз катышкан калктын саны 16 миң адамдан ашты, ал эми сырттан катышкандардын саны – 2 млн. адамга жакынды түздү.
Маалымат үчүн: Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражат топтоого үндөө жана аны жайылтуу максатында өткөрүлүп келет. Дүйнө жүзүндө каражат топтоо күнү 90 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленүүдө.
← Жаңылыктардын тизмесине