Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №119-т тескемеси менен бекитилген Финансылык жеткиликтүүлүктү 2022-2026-жылдары жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, Улуттук банк 2023-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү менен Aflatoun International уюмунун өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу уюштурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Aflatoun International уюмунун билим берүү программалары жөнүндө маалымат берилип, социалдык жана финансылык билим берүү программаларын улуттук билим берүү стандарттарына интеграциялоо маселеси талкууланды.
Маалымат үчүн:
Aflatoun International - дүйнө жүзү боюнча жашоо көндүмдөрү жана финансылык билим берүү программалары боюнча 16 жылдык тажрыйбасы бар өкмөттүк эмес уюм. Уюмдун максаты - балдарды жана жаштарды өз чөйрөсүндө өнүгүп, өз жашоосуна активдүү катышуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр, билимдер жана ресурстар менен камсыз кылуу. 108 өлкөдө 300дөн ашык өнөктөштөрдөн турган кеңири тармак менен Aflatoun International жана анын өнөктөштөрү негизги социалдык жана финансылык көндүмдөрдү улуттук билим берүү системасына интеграциялоо жагында уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.
← Жаңылыктардын тизмесине