2023-жылдын 25-октябры Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 иш-чараларынын алкагында Эл аралык кувейттик университетинин жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери, Helvetas Швейцариянын өнүктүрүү уюмунун GreenTour долбоорунун тренингинин катышуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия өткөрүлдү.
Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта – кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты.
Иш-чаралар жөнүндө кененирээк маалымат Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 иш-чаралар планында чагылдырылган.
← Жаңылыктардын тизмесине