2023-жылдын 28-декабрында Улуттук банкта жаңы жыл алдында финансылык сабаттуулук боюнча иш-чара өттү. Иш-чаранын катышуучулары уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты. Мындан тышкары, «Финансылык сабаттуулуктун негиздери» темасына финансылык сабаттуулук боюнча чакан лекция болуп өттү.
Экскурсияга катышуу боюнча телефон: 66 90 08 же электрондук почта аркылуу: mail@nbkr.kg кайрылсаңыздар болот.
← Жаңылыктардын тизмесине