Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнө карата, 2024-жылдын 17-майында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютабыз – сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди.
← Жаңылыктардын тизмесине