Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

2021 Бугу айынын 10 жарыяланды
Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

«Урматтуу банк секторунун кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! 

Банк сектору приоритеттүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү, финансылык ресурстарды үлөштүрүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. 

Кыргызстандын банк системасы коронавирус пандемиясы менен байланышкан глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди. Банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү айтылгандарга далил. 

Финансылык стабилдүүлүк жана банк системасынын коопсуздугу банк кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендиги менен жетишилген. 

Сиздердин алдыңыздарда жаңы милдеттер турат. Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек. 

Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча ишти активдештирүү зарыл. 

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөнүн банк системасынын мындан ары өнүгүшүнө жардам берет деп ишенем. 

Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм!» 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү