2026-жылдын 26-февралында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, каражат топтоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө QR-кодду колдонууну жайылтуу тууралуу маалымат берилди, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү алып салуу тартиби көрсөтүлдү.



