
2026-жылдын 30-мартынан тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдуу акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталат. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө береке болгону» деген ураан менен өтөт жана анын актуалдуулугу калктын финансылык сабаттуулугун комплекстүү жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмаларын үйрөтүү жана маалымат мейкининде финансылык инструменттер тууралуу так маалымат табуу зарылчылыгына шартталган.
30-марттан 3-апрелге чейинки Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, финансылык компаниялар жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ар кандай иш-чаралар: ачык сабактар жана окутуу семинарлары/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет.
Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылган.
Маалымат үчүн:
Глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – келечекте финансылык жыргалчылыгын жана туруктуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн балдарга жана жаштарга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү максатында, сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
Кыргызстанда глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, Улуттук банк кампанияны өткөрүүнүн координатору катары иш алып барат.
← Жаңылыктардын тизмесине