Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргызстандагы Дүйнөлүк акча жумалыгы-2021 (Global Money Week-2021) иш-чарасына  активдүү катышкандыгы үчүн сыйлоого татыган жеңүүчүлөрдүн тизмеси

2021 Кулжа айынын 02 жарыяланды

Балдар дүйнөлүк финансылык сабаттуулук үчүн!

2021-жылдын 1-июнунда Дүйнөлүк акча жумалыгынын (GMW-2021) алкагында финансы-кредит мекемелери тарабынан балдар үчүн уюштурулган: балдардын сүрөтү, мыкты видеоролик, чыгармачыл акча кутучасы, китеп утуштары сыяктуу сынактардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын номинациясы менен сыйланды. Аталган иш-чара 2021-жылы «Өзүңө сак бол, акчаңа бек бол» деген ураан алдында өттү. Дүйнөлүк акча жумалыгы-2021 өткөрүү боюнча Катчылыктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, Улуттук банктын номинанттарын сыйлоо салтанатын кошуу менен иш-чаранын негизги бөлүгү интернет-ресурстарда, социалдык тармактарда онлайн форматында өткөрүлдү.

Дүйнөлүк акча жумалыгына (GMW-2021) 33 уюм, анын ичинде 6 мамлекеттик мекеме, 18 финансылык институт, 3 ассоциация жана башкалар катышты. Өлкө ичинде финансылык сабаттуулук боюнча 350гө жакын иш-чара өткөрүлүп, ага 200дөн ашык жалпы билим берүү мектептери, 70ке жакын жогорку окуу жайлары менен атайын кесиптик окуу жайлары катышты. Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чараларына түздөн-түз катышкандардын саны  38000 адамды түздү, ал эми кыйыр катышкандар 3 000 000дон ашты.

Маалымат катары:

2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасы дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүп келе жаткан, балдардын жана жаштардын акча топтоо маданиятын өркүндөтүүгө жана алардын финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган Дүйнөлүк акча жумалыгына катышып келет.

2016-жылы өлкөдө финансылык билим берүү жаатында олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргызстан Эл аралык балдар жана жаштар финансылык уюму (Child Youth Finance International, CYFI) тарабынан уюштурулган өлкө категориясы (Country Award) боюнча финалист катары «Дүйнөлүк жеткиликтүүлүк-2016» (Global Inclusion Awards) номинациясына татыгат.

2019-жылы Кыргыз Республикасы «Жаштарды тартуу-2019» номинациясында өлкө категориясы боюнча жеңүүчү деп табылган. Сыйлык Кыргыз Республикасына мектеп окуучуларынын, жаштардын жана мектеп мугалимдеринин арасында финансылык билим берүү жаатындагы олуттуу жетишкендиктери жана аракеттери үчүн тапшырылган.

2020-жылдан тартып  Дүйнөлүк акча жумалыгы Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун колдоосу алдында өткөрүлүп келет.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк акча жумалыгы-2021 (Global Money Week-2021) иш-чарасына  активдүү катышкандыгы үчүн сыйлоого татыган жеңүүчүлөрдүн тизмеси

 

Иш-чара

Катышуучунун же байланыша турган адамдын аты-жөнү

Катышуучунун жашы

1

Дүйнөлүк акча жумалыгы-2021 иш-чарасы боюнча сүрөт тартуу сынагы

Бакиров Ариет

11 жашта

2

Балдардын сүрөт сынагы

Арлиев Али-Мухаммад

9 жашта

3

«Үйрөн. Үнөмдөө. Иштеп тап»,

«Өзүңө сак бол, акчаңа бек бол»

улуттук видеоролик сынагы

 

Сүйүнаалиев Түгөлбий

8 жашта

4

Канат Дилдедосов

12 жашта

5

«Өзүңө сак бол, акчаңа бек бол» видеоролик сынагы

Шабданкулова Арууке

9 жашта

6

Акча кутучасы сынагы

 

 

 

Корчубеков Аяркыдыр

10 жашта

7

Эркинбеков Улукман

12 жашта

8

Адылбеков Данил

10 жашта

9

Китеп утуштары

Сасыкулова Айпери

М.Т. Ибрагимов ат. Кара-Балта техника-экономикалык колледжинин студенти

10

 

Финансылык сабаттуулук боюнча балдар лагерин уюштуруу

 

Дандыбаева Кульсайра Джоошбековна,

Борбордук китепкана тутумунун директору

 

Аллакунова Жыпар Уметовна,

№ 26 шаардык китепкананын бөлүм башчысы

 

11

 

Финансылык сабаттуулук боюнча видеороликтерди  жайгаштыруу

 

Амантаева Нелля Эдуардовна,

«Шайыр балалык» балдардын чыгармачылык борборунун директору

 

Хакимова Карина, «Арт-дизайн» ийриминин окутуучусу

 
← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?