2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде Бишкек шаарынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсия өткөрүлдү.
Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты. Мындан тышкары, кыргыз сомунун банкнотторунда чагылдырылган көрүнүктүү ишмерлер тууралуу айтылып, финансылык сабаттуулук жана финансылык коопсуздук маселелери, анын ичинде дропперлик жана анын терс кесепеттери сыяктуу актуалдуу тема да чагылдырылды.
Мындан тышкары, экскурсия аяктагандан кийин ошол эле жерде катышуучулар Түндүк тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу салышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы экскурсияларды туруктуу негизде өткөрөт. Арыздар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабыл алынат: 61-24-14 же электрондук почта аркылуу: mail@nbkr.kg. Кирүү акысыз.