2022-жылдын 24-25-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Толкун» окутуу-ден соолукту чыңдоо борборунун базасында мугалим-мультипликаторлор жана финансылык сабаттуулук боюнча регионалдык ийримдердин жетекчилери үчүн эки күндүк тренинг болуп өттү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар финансылык максат менен финансылык пландаштыруу, кредит жана кредиттик уюмдар менен иш алып баруу, каражат топтоо жана депозиттер сыяктуу темалар боюнча билимдерин жаңыртып, мектептер окуучуларын финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу үчүн «Каражат топтоо» иштиктүү оюнун өткөрүү көндүмдөрүн тереңдетишти.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен German Sparkassenstiftung фондунун (Германия) колдоосу астында өткөрүлдү.
← Жаңылыктардын тизмесине