Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүүнүн алкагында 2022-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын №62-гимназия мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча сабак жана жогорку класстарынын окуучулары үчүн «Каражат топтоолор» бизнес оюну финансылык сабаттуулук боюнча мультипликатор-мугалимдер тарабынан өткөрүлдү.
«Каражат топтоолор» стол үстүндөгү бизнес оюну интерактивдүү форматта өтөт, анда окуучулар үй-бүлөлүк бюджет, финансылык пландаштыруу, каражат топтоонун максаттарын жана артыкчылыктарын билип алуу сыяктуу түшүнүктөр менен таанышышат, бул жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө маанилүү.
Алдыда боло турган бардык иш-чаралар Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022 күндөлүгүнө шилтеме боюнча жайгаштырылган.
← Жаңылыктардын тизмесине