2023-жылдын 26-майында Теплоключенка, Чүй, Суусамыр айылдарынын жана Шопоков шаарынын мектептеринин окуучулары жана чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча жети семинар өткөрүлдү. Семинарлар 2023-жылы иштелип чыккан финансылык сабаттуулук боюнча бир күндүк экспресс-курстарга ылайык өткөрүлөт.
Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк жана жеке бюджет, финансылык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр, каржылоонун ислам принциптери, инвестициялоо, электрондук финансылык кызмат көрсөтүүлөр, финансылык коопсуздук, салыктар жана камсыздандыруу сыяктуу темалар менен интерактивдүү формада таанышышты. Семинарлар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлөт.
Семинарлардын графиги шилтемеде.
← Жаңылыктардын тизмесине