Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Жыл сайын өтүүчү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы болуп өттү

2025 Тогуздун айынын 31 жарыяланды
Жыл сайын өтүүчү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы болуп өттү

2025-жылдын 31-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында финансылык сабаттуулук боюнча жыл сайын өтүүчү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБнын,  «Кыргызстан»  ТПФнын, «Кепилдик фонду» ААКтын, «Карылар үчүн ресурстук борбор» КБнин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка финансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Улуттук банктын координациялоосу астында өнөктөш уюмдар менен биргеликте финансылык жарманке  уюштурулуп, анда спикерлер каражат топтоо, депозиттерди коргоо системасы жана жеке финансылык коопсуздукту камсыз кылуу темаларында сөз сүйлөштү.

Финансылык жарманкенин жүрүшүндө катышуучуларга банктык базалык кызмат көрсөтүүлөр - депозитик продукттардын шарттары, коммерциялык банктардын банктык эсептерин жана төлөм карталарын ачуу тууралуу маалымат, ошондой эле кызыккан суроолору боюнча консультациялар берилди.

Мындан тышкары интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү. Жарманкенин активдүү катышуучулары, сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Финансылык жарманкеге 400дөй адам катышты.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

5 кеңеш: кредиттик тарыхыңызды кантип жакшыртуу керек.

5 кеңеш: кредиттик тарыхыңызды кантип жакшыртуу керек.