Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Ош областында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» алкагында лекция

2026 Тогуздун айынын 27 жарыяланды
Ош областында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» алкагында лекция

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасын белгилөөнүн алкагында 2026-жылдын 26-октябрында Ош областынын Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөт кызматкерлери, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландалган көчмө лекция өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттер менен депозиттердин түрлөрү, ошондой эле каражат топтоо жолдору тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка жана дропперликке тартылуусун алдын алуу боюнча практикалык сунуштар айтылды. Ошону менен бирге, Түндүк тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу тартиби жана аны кайра алып салуу жолдору көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн  Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары,  анын коргоо белгилери, кредиттөө жана аманат боюнча лекциялар окулду.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

Финансылык ден соолукту кантип чыңдоо керек? Эксперттин 2025-жылга карата кеңештери

Финансылык ден соолукту кантип чыңдоо керек? Эксперттин 2025-жылга карата кеңештери

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери